Саясат

Ысык-Көлдө кемелерди чогултуучу ишкана курулууда

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына караштуу Пристань конушунда сыйымдуулугу 350 тоннага чейинки кемелерди чогултуучу ишкана курулууда.

Бүгүн президент Садыр Жапаров бул инвестициялык долбоордун жүрүшү менен таанышты.

Ишканада суу чөйрөсүнө зыяндуу заттарды бөлбөгөн, атайын электр кыймылдаткычтары менен жабдылган кемелер чогултулат. Жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзгөн комплекс кеме куруучу ири ангардан жана эки кабаттуу административдик-техникалык имараттан турат.

Белгиленгендей, ишкана толук ишке киргенде 120 адамды туруктуу жумуш менен камсыз кылат.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров көлдүн экосистемасын сактоо үчүн экологиялык талаптардын так аткарылышын жана курулуш иштерин жогорку сапатта өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button