Дүйнө

Toyota учуучу унааларды чыгара баштайт

Япониянын Toyota компаниясы АКШнын Joby Aviation авиациялык компаниясы менен биргелешкен ишкана түзгөнүн жарыялады. Ал Joby Toyota Aero Manufacturing Preparation Company деп аталды.

Компаниялардын биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, жаңы өндүрүштүк альянс электр кыймылдаткычы менен иштеген учуучу аппараттарды массалык түрдө чыгарууга даярдык көрүүгө багытталат.

Биргелешкен ишкана АКШнын Калифорния штатында жайгашары белгилүү болду. Toyota компаниясы анын акцияларынын 51 пайызына ээ болуп, көзөмөлдөөчү үлүштү кармайт.

Кызматташуунун негизги максаты — Joby Aviation компаниясынын электр авиациясы тармагындагы тажрыйбасын Toyotaнын өндүрүштү уюштуруу жана натыйжалуу башкаруудагы мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу.

Келечекте бул альянс Joby Aviation компаниясынын өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө, учуучу аппараттарды сертификаттоого жана тик учуп-конууга жөндөмдүү электр аба унааларына (eVTOL) болгон суроо-талапты канааттандырууга жардам берет.

Toyota компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Акио Тойоданын айтымында, аба мобилдүүлүгү компаниянын «ар бир адам үчүн кыймыл эркиндигин камсыз кылуу» философиясынын табигый уландысы болуп саналат.

Мындан тышкары, BMW компаниясы 30-июнда жаңы муундагы X5 кроссоверин тааныштырды. Бул модель күч берүүчү агрегаттын беш түрү менен сунушталат. Алгач ноябрдын аягында күйүүчү май менен жүрүүчү версиялары сатыкка чыгат. Кийинки жылы электрдик жана кубатталуучу гибриддик үлгүлөрү пайда болот. Ал эми 2028-жылы суутек менен жүрүүчү BMW X5 модели коомчулукка сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button