Коом

Майыптыкты аныктоо процесси толугу менен санариптештирилди

Кыргызстанда медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) аркылуу жарандарды күбөлөндүрүү процесси өлкө боюнча толугу менен санариптик форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Эми медициналык мекемелер МСЭКке документтерди электрондук түрдө гана жөнөтөт. Ал эми майыптыкты аныктоо тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө «Түндүк» мамлекеттик системасына интеграцияланат.

Ошондой эле мурдагы алты түрдөгү маалымкат эки бирдиктүү санариптик маалымкатка бириктирилип, бюрократиялык жол-жоболор кыскартылып, мамлекеттик кызматтарды алуу жеңилдетилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, санариптештирүү адам факторунун таасирин азайтып, ортомчуларды жокко чыгарып, коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button