Коом

Кыргызстандын соттук эксперттери КМШ мамлекеттеринин Координациялык кеңешинин III жыйынына катышышты

Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү Координациялык кеңешинин III жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик соттук-эксперттик мекемелеринин, КМШ Аткаруу комитетинин, ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын атынан КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Алыйманов жана компьютердик-техникалык жана фоноскопиялык экспертизалар бөлүмүнүн башчысы Азамат Кулиев катышты.

Катышуучулардын көңүл борборунда соттук экспертиза чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери болду. Соттук-эксперттик ишмердүүлүктү стандартташтыруу системасын өркүндөтүү, ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү, Координациялык кеңештин тиешелүү жумушчу топторунун иши, эксперттик мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө, ошондой эле эксперттик практикага заманбап илимий иштеп чыгууларды жана санариптик технологияларды киргизүү талкууланды.

Талкуулардын өзүнчө блогу КМШ мамлекеттеринде соттук-эксперттик ишмердүүлүккө болгон мамилелерди гармонизациялоого, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга, биргелешкен илимий-методикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана соттук эксперттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.

Жыйында, Н. Алыйманов 2027-жылы Координациялык кеңештин жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.Жолугушуунун жыйынтыгында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө жана Координациялык кеңештин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталган чечимдер кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button