Эсеп палатасы: «Кыргызнефтегазда» дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсеп палатасы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААКсында дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу жана кемчиликтер аныкталганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 967,8 миллион сомдук мыйзам бузуу катталган. Анын ичинен 135,9 миллион сом милдеттүү түрдө кайтарылышы керек. Аудит учурунда болгону 8,9 миллион сом калыбына келтирилген.

Эң чоң жоготуулар натыйжасыз башкарууга байланыштуу болгон. Өндүрүштүк чечимдердин өз убагында кабыл алынбагандыгынан «Кыргызнефтегаз» жана анын туунду ишканасы 495 миллион сомдук мүмкүн болгон кирешеден куру калган. Ошондой эле эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281,4 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталган.

Мындан тышкары, ишкананын жетекчилиги 120 миллион сомдук учурдагы жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзбөгөнү белгиленген. Дагы 54 миллион сом ченемден ашык жана негизсиз чыгымдалганы аныкталган.
Ошондой эле капиталдык курулушта, мамлекеттик сатып алууларда жана жерлерди рекультивациялоо иштеринде да мыйзам бузуулар табылган.


Аудиттин жыйынтыгында «Кыргызнефтегаз» ААКсына аныкталган кемчиликтерди жоюу жана коомдун кирешесине 126 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруу боюнча көрсөтмө берилди. Аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.



