Бишкекте Дөө Чыңгыздын куралдарын катып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте өлтүрүлгөн кримтөбөл Дөө Чыңгызга (Чыңгыз Жумагуловго) таандык курал-жаракты катып жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон 43 жаштагы Р. К. аттуу жаран. Анын айтымында, мындан төрт жылдай мурун Дөө Чыңгыз ага курал толтурулган сумканы берип, убактылуу катып турууну суранган. Ал сумканын ичиндегилерди көрүп коркуп кеткендиктен токойдун четине көөмп салган. Кийин Жумагуловдун өлтүрүлгөнүн уккан.
Сумканын ичинде тапанчалар, гранаталар, кесилген мылтык, бет кап жана камуфляж кийими болгон.
Шектүү жакында эле кармалды. Милиция анын артынан дрон менен аңдып, жашырган сумкасын казып алып унаасын көздөй көтөрүп бараткан жеринен видеого тартып алган.
Азыр куралдардын баары экспертизага жөнөтүлүп, колго түшкөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



