Окуялар

Кара-Кечеге баруучу жол убактылуу жабылды

Акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жаандан улам Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолуна сел түшүп, жолдун 30–32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келди.

Мындан улам Кара-Кече көмүр кенине алып баруучу жол бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды.

«Кыргызкөмүр» жүк жана жеңил унаалардын айдоочуларын, көмүр ташуучуларды жана жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече багытына барбай турууга чакырды.

Учурда көпүрөнү жана жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кыймыл кайра жанданганда кошумча маалымат расмий булактар аркылуу жарыяланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button