Спорт
Машыктыруучунун сынынан соң «Кыргызалтын» клубунан сегиз футболчу кетти

«Кыргызалтын» футболдук клубунан башкы машыктыруучунун сынынан кийин дароо сегиз футболчу кетти. Бул тууралуу Kyrgyz Football Telegram баракчасында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, команда «Барс» клубунан 0:7 эсебинде утулгандан кийин башкы машыктыруучу Хаким Фузайлов курамдагы 8–10 оюнчу Жогорку лиганын деңгээлине жооп бербей турганын айтып, команданы олуттуу түрдө күчөтүү зарылдыгын билдирген.
Андан көп өтпөй клубдан Адилет Доолоткелдиев, Данияэль Разулов, Асылбек Искаков, Алмаз Сматов, Микаэль Акатцука, Кристиан Мочич, Руслан Адыл жана Нуртазим Кыштобоев кеткен.



