Спорт

Ысык-Көлдө Борбордук жана Түндүк Азиянын шахмат боюнча биринчи чемпионаты өтөт

2026-жылдын 30-июнунан 9-июлуна чейин Ысык-Көл облусунун Корумду айылында өспүрүмдөр жана жаштар арасында Борбордук жана Түндүк Азиянын биринчи шахмат чемпионаты өтөт.

Мелдеш Азия шахмат федерациясы жана Эл аралык шахмат федерациясы тарабынан уюштурулуп, 8, 10, 12, 14, 16, 18 жана 20 жашка чейинки курактык категорияларда өткөрүлөт.

Кыргызстандын шахмат союзунун маалыматына ылайык, чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркмөнстан жана Тажикстандан 500дөн ашуун жаш шахматчы катышат. Алардын арасында эл аралык чеберлер (IM), FIDE чеберлери (FM), аялдар арасындагы FIDE чеберлери (WFM), ошондой эле дүйнө, Азия, Батыш Азия жана Борбордук Азия чемпионаттарынын 25тен ашуун жеңүүчүсү жана байге ээлери бар.

Кыргызстан бул мелдешке эң көп курам менен — болжол менен 200 катышуучу менен чыгат.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргызстандык жаш шахматчылар алгачкы жолу өз мекенинде ушундай деңгээлдеги эл аралык чемпионатка катышып, тажрыйба топтоого, рейтингин жогорулатууга жана эл аралык нормативдерди аткарууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми 20 жашка чейинки категорияда жеңүүчүлөр регламенттин талаптары аткарылган учурда гроссмейстердик норманы аткарууга талапкер боло алышат.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылышы 1-июлда өтсө, жабылуу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 8-июлга белгиленген.

Уюштуруучулар белгилегендей, Ысык-Көлдө Борбордук жана Түндүк Азиянын биринчи чемпионатынын өткөрүлүшү өлкөдөгү балдар шахматынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстандын шахмат дүйнөсүндөгү эл аралык аброюн чыңдоого салым кошот.

Тектеш кабарлар

Back to top button