Спорт
Кыргызстанда Азиянын Чемпиондор лигасынын тандоо баскычынын беттештери өтөт

Кыргызстанда Азиянын Чемпиондор лигасынын тандоо баскычынын беттештери өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Кыргызстандын атынан 2025-жылы өлкө чемпиону болгон «Илбирс» футбол клубу катышат.Тандоо баскычынын биринчи этабы 17–23-август күндөрү өтөт. Жалпысынан 24 клуб күч сынашат. Алардын ичинен болгону 6 команда гана тайпалык баскычка жолдомо алат.
Кыргызстандын клубдары Азиянын Чемпиондор лигасына экинчи жолу катышууда.
Өткөн сезондо өлкөнүн намысын «Азиягол СИ» клубу коргогон. Бирок команда финалдык баскычка чыга алган эмес.
Тандоо баскычынын чүчү кулагы 2-июлда тартылып, анда «Илбирс» клубунун атаандаштары аныкталат.



