Коом

Электросамокат айдагандарга Жол кыймылынын эрежелерин сактоо эскертилди

Бишкек шаарында электросамокаттар жана электровелосипеддер көбөйүп жатат. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алардын айдоочулары Жол кыймылынын эрежелерин милдеттүү түрдө сактоого тийиш экенин эскертти.

Негизги эрежелер:

Веложол менен жүрүңүз, ал жок болсо жолдун оң четине жакын айдаңыз.

Тротуарда жөө жүргүнчүлөргө сөзсүз жол бериңиз.

Жөө адамдар өтүүчү тилкеден (зебрадан) өтүүдө самокаттан же велосипедден түшүңүз.

Кызыл жарыктан өтпөңүз жана каршы тилкеге чыкпаңыз.

Мас абалында транспорт каражатын башкарбаңыз.

Айдап бара жатып уюлдук телефон колдонбоңуз.

Жүргүнчү ташыбаңыз.

Караңгы убакта жарыкты күйгүзүп, коргоочу туулга кийиңиз.

Жол кыймылынын эрежелерин сактоо – өзүңүздүн жана айланаңыздагылардын коопсуздугунун кепилдиги.

Тектеш кабарлар

Back to top button