Казакстан алма импорттоого убактылуу тыюу салууну пландоодо

Казакстан 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин өлкөгө алма импорттоого убактылуу тыюу салууну пландап жатат. Тиешелүү буйруктун долбоору Казакстандын Айыл чарба министрлиги тарабынан «Ачык НПА» порталында коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, ЕАЭБдин ТЭИ ТН 0808 10 кодуна кирген алмаларды Казакстандын аймагына автомобиль, темир жол жана суу транспорту аркылуу алып кирүүгө тыюу салуу сунушталууда.Чектөө үчүнчү өлкөлөрдөн, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден ташылып келген алмаларга да тиешелүү болот.
Ошол эле учурда тыюу Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен ташылган алмаларга, ошондой эле ЕАЭБге мүчө бир өлкөдөн экинчисине Казакстан аркылуу өткөрүлгөн жүктөргө жайылтылбайт.
Эске салсак, буга чейин, февраль айында, Казакстан Орусиянын бир катар аймактарынан малды жана мал чарба продукциясын алып кирүүгө жана транзит менен өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Бул чаралар өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын өлкөгө кирип кетишинин алдын алуу максатында кабыл алынган.



