Коом

Ысык-Көлдөн 300 метр тор жана 30 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн.

Рейддин жыйынтыгында көлдөн мыйзамсыз салынган кытай өндүрүшүнө таандык 300 метр синтетикалык балык уулоочу тор табылып, суудан чыгарылды.

Ошондой эле көлдүн жээгинен 30 килограммга жакын ар кандай тиричилик калдыктары жана акыр-чикирлер тазаланды.

Текшерүү учурунда инспекторлор жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга балык уулоо эрежелерин сактоо, тыюу салынган торлорду колдонбоо жана экологияга аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тектеш кабарлар

Back to top button