TezJet учагынан кийин Кыргызстандагы бардык авиакомпаниялар текшерилет

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Манас» аэропортундагы TezJet учагы катышкан окуядан кийин Кыргызстандагы бардык авиакомпанияларда кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөр учуу коопсуздугунун талаптарынын сакталышын, аба кемелеринин техникалык абалын жана авиациялык эрежелердин аткарылышын камтыйт.
Ошондой эле TezJet авиакомпаниясынын каттамдарын убактылуу токтотуу тууралуу мурда кабыл алынган чечим бардык текшерүүлөр жана окуянын жагдайлары толук аныкталганга чейин күчүндө калат.
Эске салсак, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын McDonnell MD-83 учагы шассинин бузулушунан улам учуп кете алган эмес. Учактын ичинде экипаж мүчөлөрүн кошкондо 187 адам болгон. Жабыркагандар катталган эмес.
Окуяны Мамлекеттер аралык авиациялык комитет иликтеп жатат. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын жана аба кыймылынын коопсуздугу башкы артыкчылык бойдон каларын белгиледи.



