Коом

Министрлер кабинети жаңы ардак наамдарды бекитти

Министрлер кабинети өзүнүн ведомстволук ардак наамдарын уюштуруу тууралуу токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, ар кайсы тармактын алдыңкыларын өкмөттүк деңгээлде сыйлоо үчүн 23 жаңы ардак наамдын тизмеси бекитилди.

Жаңы уюштурулган ардак наамдар:

  1. «Эмгек сиңирген артист»;
  2. «Эмгек сиңирген врач»;
  3. «Эмгек сиңирген ойлоп табуучу»;
  4. «Эмгек сиңирген куруучу»;
  5. «Эмгек сиңирген мугалим»;
  6. «Эмгек сиңирген юрист»;
  7. «Эмгек сиңирген экономист»;
  8. «Эмгек сиңирген ишкер»;
  9. «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер»;
  10. «Илимге эмгек сиңирген ишмер»;
  11. «Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер»;
  12. «Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер»;
  13. «Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер»;
  14. «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер»;
  15. «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер»;
  16. «Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер»;
  17. «Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер»;
  18. «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер»;
  19. «Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер»;
  20. «Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер»;
  21. «Транспортко эмгек сиңирген кызматкер»;
  22. «Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер»;
  23. «Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер».

Токтом менен бирге Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана бул ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө жаңы жобо бекитилди. Ал эми өкмөттүн сыйлыктар боюнча 2021 жана 2023-жылдардагы эски токтомдору күчүн жоготту деп таанылды.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button