ИИМ чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого чакырат

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстан салттуу түрдө туристтик, эмгек, билим алуу жана башка максаттарда келген чет элдик жарандарды кабыл алган ачык жана меймандос өлкө бойдон калууда. Ошол эле учурда, өлкөнүн аймагында болуу республиканын мыйзамдарын милдеттүү түрдө сактоону, анын салттарына, коомдук тартибине жана белгиленген эрежелерге урматтоо менен мамиле кылууну талап кылат.
«Милиция кызматкерлери ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, миграциялык мыйзамдардын талаптары, өлкөдө болуу эрежелери жөнүндө маалымдап, ошондой эле коомдук тартипти, миграциялык ченемдерди жана мыйзамдын башка талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертишет», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, алдын алуу иштери чет элдик жарандардын жашаган жана иштеген жерлеринде, адамдар көп чогулган жерлерде, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш-чаралардын алкагында жүргүзүлөт. Негизги максат — укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын аймагында чет элдик жарандардын мыйзамдуу жана жагымдуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү.
ИИМ чет элдик жарандарды жашаган өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого, анын салттарына, маданиятына жана коомдук тартибине урматтоо менен мамиле кылууга чакырат. Бул коопсуздуктун жана жагымдуу жашоонун кепилдиги болуп саналат.



