Дүйнө

Өзбекстанда аптаптуу ысыкка байланыштуу жумуш убактысын өзгөртүү сунушталды

Өзбекстанда адаттан тыш аптаптуу ысыкка байланыштуу жумуш берүүчүлөргө ачык абадагы иштердин графигин кайра карап чыгып, коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жогорку температурада иштөө адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Мындай шартта күн өтүп кетүү, организмдин суусузданышы, эс-учун жоготуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын күчөшү мүмкүн.Ушуга байланыштуу жумуш берүүчүлөргө саат 11:00дөн 16:00гө чейин ачык абадагы иштерди чектөө же толугу менен токтотуу сунушталууда. Бул убакытта оор физикалык жумуштарды аткаруудан алыс болуу керек.

Ошондой эле кызматкерлер жетиштүү көлөмдө таза, салкын ичүүчү суу менен камсыздалып, көлөкөдө же салкын жайларда үзгүлтүксүз эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.

Мындан тышкары, ысык шартта иштөөгө милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөн кызматкерлерге уруксат берилбейт. Зарыл болсо, алардын ден соолугун кошумча текшерүү сунушталат.

Ошондой эле кызматкерлерге күн өтүүнүн белгилери жана өзгөчө кырдаалда кандай аракет көрүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленген.

Мекеме жумуш берүүчүлөрдү бул талаптарды көз жаздымда калтырбоого чакырып, аптаптуу ысыкта коопсуздук эрежелерин сактоо кызматкерлердин өмүрү менен ден соолугун коргоого жардам берерин билдирди.

Белгилей кетсек, Өзгидрометтин маалыматы боюнча, 13–17-июль күндөрү Өзбекстанга түштүктөн өтө ысык аба агымы келет. Күндүз абанын температурасы +41…+43°С, ал эми өлкөнүн түндүк, түштүк жана чөлдүү аймактарында +44…+46°С чейин жетиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button