Дүйнө

Жеки Чандын жаңы тасмасы Алматыда тартылат

Алматы шаарында дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чандын катышуусунда «Armour of God: Ultimatum» («Кудайдын сооту: Ультиматум») аттуу эл аралык көркөм тасманын расмий бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Тengrinews.kz. билдирди.

Салтанаттуу аземге Казакстандын Премьер-министринин орун басары – Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Алматы шаарынын акими Дархан Сатыбалды, Алматы облусунун акими Марат Султангазиев, ошондой эле казакстандык жана эл аралык киноиндустриянын өкүлдөрү катышты.

Конокту тосуп жатып, Аида Балаева Жеки Чанга Казакстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Казакстандын маданиятын дүйнөлүк аренада таанытууга жана өлкөлөрүбүздүн маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоого кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Сизге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди жана алдыдагы тартуу иштерине ийгилик каалайм», — деди ал.

Долбоор Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.Тасманы өндүрүү ишин Казакстандын Sәlem Entertainment кинокомпаниясы жүргүзүүдө.

Тасма 2026-жылдын июль айынан октябрь айына чейин Казакстандын аймагында тартылат. Долбоорду казакстандык режиссёр Роберт Кун жетектейт.Тасма эл аралык кеңири прокатка чыгарууга багытталган. Негизги тартуу иштери Алматы шаарында жана Маңгыстау облустарында өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button