Коом

CSCEC 5th Bureau компаниясы менен кызматташуу талкууланды

Бүгүн, 15-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар компаниянын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүн, учурдагы долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык- инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш жана инфраструктура тармагында заманбап технологияларга жана эл аралык тажрыйбага ээ болгон ири компанияларды тартуу өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди. Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде инвесторлорго зарыл колдоо көрсөтүүнү жана келечектүү демилгелерди комплекстүү коштоону улантары айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестицияларды тартууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button