Wildberries жабыркаган сатуучуларга колдоо көрсөтөт

Wildberries компаниясы маркетплейстин кампаларына жасалган дрондук чабуулдан улам товарлары күйүп кеткен сатуучуларды колдоо боюнча атайын чараларды иштеп чыкты.
Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган кампаларда жок болгон товарлар үчүн компенсация төлөнөт. Бирок төлөмдөрдүн өлчөмү кандай тартипте эсептелери жана акча качан которулары азырынча так айтыла элек. Wildberries компенсациялар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө төлөнөрүн билдирди.
Мындан тышкары, компания сатуучулар үчүн товарларды сактоо кызматтарына арзандатууларды, насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдырууну жана логистикалык кызматтардын баасын төмөндөтүүнү сунуштады.
Эске салсак, 18-июлга караган түнү украиналык учкучсуз учуучу аппараттар Wildberries компаниясынын Тамбов облусундагы Котовск жана Москва облусундагы Электросталь шаарларындагы эки логистикалык борборуна чабуул жасаган.
Ал эми 22-июлда Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы дагы бир нече логистикалык борбор ушундай эле чабуулга кабылган. Маалыматтарга караганда, кеминде жети адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган.



