Коом

Текебаев Германияда ишсиз калган студенттер менен жолукту

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарында жайкы эмгек программасынын алкагында жүргөн кыргызстандык студенттер менен жолукту. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, немис тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимде каралган жана каралбаган бир катар маселелер оң жагына чечилүүдө. Студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан. Ошого карабастан, Германиядагы өнөктөш тарап алар үчүн жаңы жумуш орундарын табууга аракет көрөрүн билдирген.

Кечээ соцтармакта жайкы каникул маалында иштегени Германияга барган 150дөй студент убада кылган жумушка киргизилбей, жатаканасынан чыгарылганы жатканы тууралуу видео тараган.

Анда аты аталган Samara Academy уюму бул боюнча түшүндүрмө берип, маалыматтар чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирген. Ошондой эле аларга жумуш табуу аракеттерин көрүп жатышканын кошумчалаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button