Коом

Бишкекте карызы бар 5 миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт

27-июлда Бишкек шаарында АИСКУЭ эсептегичтери аркылуу дебитордук карызы бар 5 миңден ашык абонент электр энергиясынан аралыктан ажыратылат.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо максатында «УЭТ» ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Абоненттер жеке эсебиндеги карызды ишкананын сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмү аркылуу текшере алышат. Ал эми тиричилик абоненттери «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу да балансын биле алышат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылууга болот:

105

0772 001 209,

0556 001 209

WhatsApp: 0702 001 209

Тектеш кабарлар

Back to top button