Коом

1-класстын окуучулары үчүн сабактын узактыгы көбөйтүлөт

Жаңы окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, 1-класстын окуучулары үчүн сабактын узактыгы 40 мүнөттү түзөт. Тийиштүү документти Билим берүү жана агартуу министрлиги бекитти.

Документке ылайык, 1-класстарда сабактар 40 мүнөткө созулат. Сабактардын ортосунда 10–15 мүнөттүк кыймыл-аракет жана музыкалык тыныгуулар уюштурулат.

2-класстарда да сабактын узактыгы 40 мүнөт болсо, 3–11-класстарда 45 мүнөттөн өтөт.

Эске салсак, өткөн окуу жылында 1-класстардын сабактары 35 мүнөткө созулган. Мындай чечим 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алгачкы этабы болгондуктан жана мектепке 6 жаштагы балдар кабыл алынганына байланыштуу кабыл алынган. Ал эми мурдагы окуу процессин уюштуруу эрежелеринде 1-класстын окуучулары үчүн сабактын узактыгы 40 мүнөт болуп белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button