Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында соода-логистикалык борбор курулду

Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун чек арасында аянты 12 миң чарчы метрден ашкан соода-логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунда «Кыргыз эко экспорт» компаниясынын башкы директору Уланбек Максымбеков билдирди.
Анын айтымында, Наманган облусунун жетекчилиги менен биргеликте бул долбоордун алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө чакан экономикалык аймак түзүү сунушталат.
«Алгач жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн товарларына басым жасалат. Аймак көп тармактуу болот. Биринчи этапта соода жүргүзүлсө, кийин өнөр жайды өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү пландалууда», — деди Максымбеков.
Ал белгилегендей, учурда долбоор боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Азырынча түзүлө турган экономикалык аймактын чек араларын тактоо маселеси каралып жатат.
Максымбековдун айтымында, борбордун инфраструктурасы дээрлик даяр. Учурда 12 миң чарчы метрден ашык объект курулуп, көпүрөлөр жана жолдор салынган, электр энергиясы тартылган.



