Коом

Кыргызстанда Оюн-зоок индустриясынын ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда алгач ирет мыйзамдуу оюн-зоок индустриясынын бардык негизги багыттарын — казино, онлайн-казино, букмекердик компаниялар жана лотерея операторлорун бириктирген уюм түзүлдү.

Оюн-зоок индустриясынын ассоциациясы (ОИА) тармактын өнүгүүсүндө жаңы баракты ачууда. Легалдаштырылгандан кийин акырындык менен экономиканын өз алдынча сектору катары калыптанып жаткан бул тармак үчүн Ассоциация мамлекет, бизнес жана коомдун ортосунда конструктивдүү диалог жүргүзүүчү бирдиктүү аянтча болууну көздөйт.

Бүгүнкү күндө ОИАнын негизги максаты – рыноктун катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоп, алардын үнүн жеткирүү менен катар тармактын ачык-айкындуулукка, кесипкөйлүккө жана заманбап стандарттарга негизделген туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү.

Кыска убакыт ичинде эле Ассоциация Кыргыз Республикасынын Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсына (УБАА), Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына жана Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү кеңешине мүчө болуп кабыл алынды. Бул ОИАнын өлкөнүн ишкер чөйрөсүндө тармактын расмий өкүлү катары таанылып жатканын көрсөтөт.

Учурда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул документ тармакты жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери боюнча туруктуу кызматташууга жана диалогго өбөлгө түзөт.

Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин бул тармак тууралуу көптөгөн жаңылыш түшүнүктөр сакталууда? Ал Кыргызстан экономикасына кандай пайда алып келе алат? Ассоциация алдына кандай максаттарды коюуда? Бул суроолорго Оюн-зоок индустриясынын ассоциациясынын президенти КАНЫКЕЙ КАЛМАТАЙ кызы жооп берди.

 — Казинолорго карата коомдо дагы эле түрдүү пикирлер бар. Мындай пикирлердин жаралышынын себеби эмнеде?

— Бул көбүнчө өткөн убактардагы түшүнүктөр менен байланыштуу. Көпчүлүк оюн-зоок индустриясын мурдагыдай элестетет. Бирок азыркы мыйзамдарга ылайык, казинолор чет өлкөлүк жарандар үчүн гана иштейт. Бул мыйзамдын негизги талаптарынын бири.

Бүгүнкү мыйзамдуу оюн-зоок бизнеси лицензияланган жана катуу көзөмөлдөнгөн тармак болуп саналат. Компаниялар мамлекеттик көзөмөл алдында иштеп, салык мыйзамдарын, финансылык мониторинг талаптарын жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөш боюнча эл аралык стандарттарды (AML/CFT) так сакташат.

Ошондуктан бүгүн тармакты мурдагы стереотиптер менен эмес, азыркы ишмердүүлүгүнүн негизинде баалоо маанилүү.

— Бул тармак Кыргызстанга кандай пайда алып келе алат?

— Дүйнө жүзүндө оюн-зоок индустриясы туристтик экономиканын бир бөлүгү катары каралат. Чет өлкөлүк турист өлкөгө казино үчүн гана келбейт. Ал мейманканаларда токтойт, ресторандарга барат, транспорт кызматтарын пайдаланат, соода кылат жана өлкөнүн кооз жерлерин кыдырат.

Мунун натыйжасында мейманкана бизнеси, тейлөө тармагы жана коомдук тамактануу өнүгүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бюджетке түшкөн салык кирешелеринин көбөйүшүнө шарт түзүлөт.

Кыргызстандын Борбор Азиядагы туристтик багыт катары чоң мүмкүнчүлүгү бар. Эгер мамлекеттик саясат туура жүргүзүлсө, мыйзамдуу оюн-зоок индустриясы өлкөнүн заманбап туристтик инфраструктурасынын маанилүү бөлүгүнө айланышы мүмкүн.

 — Бүгүн кайсы маселелер биринчи кезекте чечилиши керек?

— Азыр бир нече негизги багытты белгилөөгө болот.

Биринчиден, мыйзамдарды мындан ары да өркүндөтүү зарыл. Анткени бул тармак Кыргызстан үчүн салыштырмалуу жаңы болгондуктан, мыйзамдар теорияга гана эмес, иш жүзүндөгү бизнес тажрыйбасына да негизделиши керек.

Көпчүлүк чет өлкөлүк туристтер Кыргызстанда мыйзамдуу оюн-зоок индустриясы бар экенин билишпейт. Учурдагы чектөөлөрдөн улам тармак өзүн жетиштүү деңгээлде тааныта албай келет.

Биздин максат  мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамдарды мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да заманбап, түшүнүктүү жана натыйжалуу кылууга багытталган сунуштарды даярдоо.

Экинчиден, санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө, төлөм инфраструктурасын жакшыртууга, кардарларды идентификациялоонун заманбап технологияларын киргизүүгө жана аралыктан коопсуз тейлөө механизмдерин өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл.

Дагы бир маанилүү багыт  Кыргызстанды оюн-зоок туризминин жаңы багыты катары эл аралык деңгээлде таанытуу. Өлкөбүздүн кайталангыс жаратылышы, ыңгайлуу географиялык жайгашуусу жана туризмди өнүктүрүүгө ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Албетте, коомдо бул тармак тууралуу объективдүү көз карашты калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу керек. Азыркы казинолор мурдагы стереотиптерден таптакыр айырмаланып, мыйзамдуулукка, ачык-айкындуулукка жана коопсуздукка негизделген бизнес болуп саналат.

 — Ассоциациянын келечегин кандай элестетесиз?

— Биз Ассоциация тармакты өнүктүрүү маселелери талкууланганда пикири эске алынган абройлуу эксперттик аянтча болушун каалайбыз.

Максатыбыз  мыйзамдуу рыноктун бардык катышуучуларын бириктирүү менен гана чектелбестен, заманбап иш стандарттарын калыптандыруу жана оюн-зоок индустриясы туризмди өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ишкердик аброюн чыңдоого салым кошо ала турган жоопкерчиликтүү экономикалык тармак экенин көрсөтүү.

Соңку сөз ордуна

Ассоциация мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууга ачык.

Биз өнөктөштүк, ачык-айкын эрежелер жана өз ара ишеним гана Кыргызстандагы оюн-зоок индустриясынын туруктуу өнүгүшүнүн негизи болот деп ишенебиз.

Тектеш кабарлар

Back to top button