Орусия Кыргызстанга 1,7 миң тоннадан ашык азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөттү

Россиянын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берген эки тоннага жакын жардамы Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга келип түштү.
Көмөктү өткөрүп берүү аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу, аталган программанын КРдеги жетекчисинин орун басары Секжин Хан катышты.
Бул сапар Россия байытылган 1755 тонна ун, 202,3 тонна өсүмдүк майын берди.
Баш-аягы 850дөн ашык үй-бүлө дарыянын жээгин бекемдөө, сугат системаларын калыбына келтирүү, суу жеткирүү, бак тигүү жана башка иштер боюнча долбоордо иштеп, акысына аталган азыктарды алмакчы.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан Россия Кыргызстандын ири донордук уюму экенин айтышты. Соңку 15 жыл ичинде тараптар калктын социалдык жактан аялуу катмарына шашылыш жардам көрсөтүү жана колдоо боюнча программаларды биргеликте ишке ашырып келе жатат.



