Саясат

Эмомали Рахмон Борбор Азияда биргелешкен мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия өлкөлөрүнө аймакта биргелешкен мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады. Бул демилгени ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Рахмондун айтымында, дүйнөлүк жана аймактык энергетика рыногундагы чыңалуу Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Ушундан улам ал мунай иштетүүчү заводду биргелешип куруу маселесин тиешелүү мамлекеттик органдарга иштеп чыгууну сунуштады.

Тажикстандын президенти белгилегендей, долбоорду ишке ашырууда биринчи кезекте аймактагы мамлекеттердин ички муктаждыктарын камсыз кылуу маселеси эске алынышы керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button