Бишкекте токко урунуп оор жаракат алган 9 жаштагы бала каза болду

Бул тууралуу анын апасы социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Эске салсак, кырсык 26-июлда борбор калаанын 6-кичи районундагы Айтиев көчөсүнүн боюндагы арыктын жанында болгон. Балдар көчөдө ойноп жүрүп сууга жакындаганда, алардын бир нечеси электр тогунун соккусун сезишкен.
Күбөлөрдүн айтымында, классташтары артка секирип, бири-бирин эскертип үлгүрүшкөн. Бирок бир бала качып кетүүгө жетишпей, ток уруп, четке ыргып кеткен.
Жабыркаган бала эс-учун жоготкон абалда Шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалап, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырышкан.
Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул окуя боюнча баланын электр тогунан жабыркашы фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.



