Окуялар

Бишкекте электр тогуна урунган тогуз жаштагы бала каза болгондон кийин кылмыш иши козголду

Бишкекте электр тогуна урунган тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болгондон кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси («Тоо-кен, курулуш же башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча иш козголгон. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынары кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин комада жаткан жеткинчектин каза тапканы кабарланган.

Кырсык 26-июлда Октябрь райондук сотунун имаратынын тушундагы арыктын жанында болгон. Бала эс-учун жоготуп №3 Балдар ооруканасына жеткирилген болчу

Тектеш кабарлар

Back to top button