Коом

Минкаб мамлекеттик органдарга күйүүчү-майлоочу майларды туруктуу жеткирүүнү камсыз кылууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуу маселеси боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйында мунай заттары рыногундагы учурдагы абал, анын ичинде күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү, кампалардагы запастардын көлөмү жана керектөөчүлөрдү керектүү көлөмдө туруктуу камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мамлекеттик органдарга мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу жана ички рыноктогу кырдаалды мындан ары да көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Ошол эле учурда Министрлер кабинети учурда Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын запасы канча экендиги тууралуу так маалымат берген жок. Июль айында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын запасы эки-үч жумадан болжол менен бир жарым айга чейин көбөйтүлгөнү маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button