Коом

Ошто таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод курулууда

Ошто таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү завод курулууда. Бул Кыргызстандагы мындай ири ишканалардын экинчиси болот.

Ош мэриясынын маалыматына караганда, учурда заводдун биринчи кабатынын курулушу аяктап, экинчи кабатында иштер жүрүп жатат. Объектте 200гө жакын куруучу эмгектенүүдө.

Заводду кытайлык «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы куруп жатат. Долбоордун баасы 8 миллиард 312 миллион сомду түзөт.

Ишкана толук кубаттуулукта иштей баштаганда суткасына 800 тоннадан ашык, жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Кайра иштетилген таштандылардан 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүү пландалууда.

Заводду 2027-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун шарттарына ылайык, 35 жылдан кийин ишкана Ош мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button