Коом
Кыргызстан менен Швейцария жүк жана жүргүнчү ташуу боюнча келишимге кол койду
Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчү жана жүктү унаа транспорту менен эл аралык ташуулар боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Документке транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлинин жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлду.
Белгиленгендей, келишим эки өлкөнүн ортосунда эл аралык жана транзиттик автомобиль ташууларды жүргүзүү үчүн укуктук негиз түзөт.
«Документ транспорттук кызматташтыкты кеңейтүүгө, соода-экономикалык байланыштарды, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт»,- деп айтылат маалыматта.



