Дүйнө

Бир нече өлкөнүн тургундары Күндүн толук тутулушуна күбө болушту

12-августтун кечинде бир нече өлкөнүн тургундары жылдын эң укмуштуу астрономиялык көрүнүштөрүнүн бири — Күндүн толук тутулушуна күбө болушту.

Ай Күндүн дискин толугу менен жаап, толук тутулуу байкалган аймактарда бир нече мүнөткө күүгүм киргендей караңгылык орноду.

Толук Күн тутулган тилке Түндүк Муз океаны, Гренландиянын түндүк-чыгышы жана Исландиянын эң батыш чекити аркылуу өткөн. Андан кийин Атлантика океанын кесип өтүп, Пиреней жарым аралына батыштан чыгышты көздөй жеткен.

Күн тутулуунун максималдуу фазасы Гринвич убактысы боюнча саат 17:46да (Москва убактысы боюнча 21:46) Исландияга жакын жерде болгон. Ал жерде толук тутулуу 2 мүнөт 18 секундга созулган. Бул Испаниядагыдан бир аз узагыраак.

Испанияда толук тутулуу эки мүнөткө жетпеген убакытка созулганына карабастан, өлкө аймагынын болжол менен 40 пайызында байкалган.

Европанын калган бөлүгүндө, ошондой эле Түндүк Американын жана Африканын айрым аймактарында Күн тутулуу жарым-жартылай гана көрүнгөн.

Толук Күн тутулуу 12-августта Москва убактысы боюнча саат 18:34тө башталып, 22:58де аяктаган. Максималдуу фазасы саат 20:46да болгон.Улуу Британиянын, Канаданын, Россиянын, Франциянын көпчүлүк аймактарында, Батыш Африка өлкөлөрүндө жана АКШда жарым-жартылай Күн тутулууну байкоого мүмкүн болгон. Лондондо Ай Күндүн 90 пайызын, ал эми Корнуолл графтыгында 95 пайызын жапкан.

Европада буга чейинки толук Күн тутулуу 1999-жылдын 11-августунда байкалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button