Окуялар

Ысык-Көл облусунда магнитудасы 4 балл болгон жер титирөө катталды

Бүгүн саат 02:49да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн магнитудасы 4, очогундагы күчү MSK-64 шкаласы боюнча 3,5 баллды түзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта жана Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кара-Сай айылында жер титирөө 2,5 баллга жакын күч менен сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button