Коом

Бишкектин үч жеринде автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат

Бишкектин дагы үч көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Тилкелер үч жерде жайгашат:

Ж. Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаевден Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;

Чүй проспектинин Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;

Курманжан датка/7-Апрель көчөсүнүн Анкарадан Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө.

«Азия өнүктүрүү банкынын» колдоосу менен Киев көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилкелер, ошондой эле веложолдор жана тротуарлар да салынат», — деп билдирет мэрия.

Курулуш жер алдындагы коммуникациялар толугу менен алмаштырылгандан кийин гана башталат. Жумуштарды быйыл баштоо пландалууда, ал эми «Азия өнүктүрүү банкы» менен биргелешкен долбоор 2028-жылга чейин эсептелген.

Тектеш кабарлар

Back to top button