Жапаров: Мен Камчыбек Ташиевдин президенттикке талапкер болушун пландагам

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Камчыбек Ташиевдин президенттикке талапкерлигин коюшу боюнча мурда планы болгонун билдирди.
13-августта жарыяланган маегинде ал Ташиев менен канча жылдан бери тааныш экенин жана анын кандай кемчиликтери болгонун да айтып берди.
Маектен үзүндү:
Жапаров: Биз бири-бирибизди 20 жылдан бери тааныйбыз — 2005-жылы депутат болуп парламентке келгенден бери. Достошуп, бири-бирибиздин үйүбүзгө барып, чай ичип жүрчүбүз. 2020-жылы түрмөдөн чыгып, бийликке келгенден кийин аны УКМКнын төрагасы кылып дайындагам. Ал беш жыл бою жакшы иштеди.Анын бир кемчилиги — жакындарын: классташтарын, группалаштарын жана жакын адамдарын көзөмөлдөй алган эмес, аларга тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес. Ошол себептен гана кызматтан кетти. Албетте, башка да айрым кемчиликтери болгон. Ар бир адамдын кемчилиги бар. Баарыбыз ката кетиребиз. Иштебеген адам гана ката кетирбейт. Биз пайгамбар эмеспиз.
Биз дос бойдон калабыз, бирок мен аны мамлекеттик кызматка кайра алып келүүнү пландаган жокмун. Анын кайра кызматка келишин да ойлобойм. Андай план жок. Азыр ага эс алуу керек.
Балким, убакыттын өтүшү менен баарын кылдат талдап, өзү кетирген каталарын эстеп, ал өзү да баарын түшүнүп калат. Бирок азырынча мамлекеттик кызматка кайтып келбейт.
Анын каталары жөнүндө гана айтууга болбойт — анын эмгеги жана жетишкендиктери да бар. Муну эл да көрүп турат. Ал жетишкен ийгиликтери үчүн өзүнчө баага, өзүнчө таанууга татыктуу. Алдына коюлган тапшырмаларды абдан тез аткарып, ошол эле күнү кечинде отчет берип турчу.
Акыркы эки жылда мен ага түз жана ачык айтып келдим: «Эл арасында ушундай сөздөр жүрөт. Криминалдык авторитеттердин мүлкүнүн жарымын талап-тоноп, жарымын өздөштүрүп алышат экен деген сөздөр бар. Сенин туугандарың айрым адамдардын оозун жаап, айрымдарына тескерисинче сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берип жатат деген кептер айтылууда».
Ал: «Мен барып текшерип келем», — деп жооп берчү.
Эки күндөн кийин кайра келип: «Баарын тактадым, ал жерде баары таза экен», — деп айтчу.
Кызматтан бошотулгандан кийин гана баары ачыкка чыкканда, ал келип, башын жерге салып: «Мен ката кетирдим. Мен аларга ишенип жүрүптүрмүн. Ошондо сен айткан нерсени кылышым керек болчу», — деди.
Мен ага: «Эми кеч болуп калды», — дедим.



