Коом

Бишкек мэриясы «ММ Стиль» ЖЧКсын подрядчылардын кара тизмесине киргизди

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, компания сугат тармактарын куруу боюнча келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн ишенимсиз (ак ниетсиз) жеткирүүчүлөрдүн жана подрядчылардын реестрине киргизилген.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Октябрь районунун муниципалдык администрациясы компания менен 8-, 9-, 10-кичи райондордо жана «Тунгуч» кичи районунда сугат системасын куруу боюнча келишимдерди түзгөн. Милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин белгиленген.

Бирок курулуп бүткөн объектилерди текшерүү учурунда комиссия бир катар кемчиликтерди аныктаган:

-сугат лотокторун орнотууда жана асбест түтүктөрүн төшөөдө мыйзам бузуулар;

-сапаты талапка жооп бербеген асбест түтүктөрүн колдонуу;

-бетон конструкцияларында жаракалардын жана бузулууларды пайда болушу, системанын айрым элементтеринин талкаланышы;

-жантайыңкылыктардын талапка ылайык жасалбашы жана конструкциялардын талаптагыдай бекемделбеши;

-жанындагы жолдун жабындысынын отуруп калышы.

Талаптар коюлганына карабастан, подрядчы кемчиликтерди толугу менен жойгон эмес жана кепилдик милдеттенмелерин аткарган эмес. Ушундан улам компания ишенимсиз подрядчылардын кара тизмесине киргизилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button