Коом

Кыргызстанда 2026- жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү

2026-жылы республика боюнча жалпы аянты 683 гектар жерди камтыган 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын ичинен Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Чүй облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 8, Ош облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 2 жана Талас облусунда 18 кооператив түзүлгөн.

Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү иштери Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүнүн 2023–2027-жылдарга карата программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы №418 токтому менен бекитилген.

Программанын негизги максаты – айыл жериндеги чакан товар өндүрүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде кооперативдерге бириктирүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button