Коом

«Манас» аэропортунун жаңыланган көрүнүшү көрсөтүлдү

«Кыргызстан аэропорттору» ААК «Манас» аэропортунун жаңыланган көрүнүшүн көрсөттү.

Белгилей кетсек, аэропортту реконструкциялоо иштери былтыр май айында башталган. Долбоордун алкагында аэровокзал комплекси 22 миң чарчы метрден ашык аянтка кеңейтилди. Жүргүнчүлөрдү өткөрүү жана багаж системалары жаңыртылды.

Ошондой эле учакка отургузуучу чыгуулардын санын 8ден болжол менен 13кө чейин көбөйтүү пландалууда.

Терминалдын айланасындагы аймак да өзгөртүлдү. Унаа токтотуучу жайлардын саны болжол менен 700дөн 1,5 миңге чейин көбөйтүлдү. Көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп, ал терминал менен жабык галерея аркылуу туташтырылды.

Мындан тышкары, жаңы кире бериш жол курулду. Ал жүргүнчүлөрдүн, расмий делегациялардын жана башка транспорт каражаттарынын агымдарын бөлүүгө мүмкүндүк берет.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын маалыматына караганда, комплекстин курулуш бөлүгү буга чейин аяктаган. Учурда жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Аларды бир айдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button