Равшанбек Сабиров «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо боюнча Кошумча келишимге кол койду

Бүгүн, 25-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Борбордук Азия энергетикалык компаниясы» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн Инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кошумча келишимге кол койду. Документ «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабын баштоого мүмкүндүк берет.

Ишкананы модернизациялоо мунайзаттарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана алардын сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Жаңыланган заводдо заманбап талаптарга жооп берген, анын ичинде Евро-5 стандартына ылайык келген күйүүчү май өндүрүү пландалууда. Бул ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоону жакшыртып, өлкөнүн отун-энергетика тармагынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Долбоор ошондой эле ата мекендик мунайды кайра иштетүү тармагын, өндүрүштүк кооперацияны жана аны менен байланышкан тармактарды өнүктүрүүгө түрткү берип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономика үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.



