Ырчы Айтурган Эрмекованын билдирүүсүнөн кийин Ош ШИИБи текшерүү иштерин баштады
Ырчы Айтурган Эрмекова жолдошу Дамир каза болгонго чейин телефон чалууларга, коркутууларга жана басымга кабылганын билдирди.
Маалым болгондой, Дамир 22-августта өз жанын кыйган.
Ырчынын билдирүүсүнөн кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы анын айткандары боюнча текшерүү иштерин баштады.
Ведомстводон буга чейин Айтурган Эрмекованын өзүнөн, жолдошунан же алардын жакындарынан коркутуулар тууралуу расмий арыз түшпөгөнүн билдиришти.
«Социалдык тармактардагы кайрылуулар каттоого алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти Ош ШИИБден.
Ырчы өз кайрылуусунда акыркы эки ай ичинде жолдошуна кысым көрсөтүлүп, аны «муунтуп» келгендей абал жаралганын, бирок бул тууралуу ага айтылбаганын белгилеген.
Анын айтымында, эгер бул окуялар тууралуу мурда билгенде, үй-бүлөсү ага жардам бере алмак.
Ошондой эле Айтурган Эрмекова жолдошуна карызга акча берип, кийин андан бир топ чоң суммадагы акчаны талап кылган адамдар болгонун айтты. Анын версиясы боюнча, алар телефон чалып, коркутуп, басым көрсөтүшкөн, анын ичинде үй-бүлөсүнө карата да коркутуулар болгон.
Ырчы жолдошу каза болгондон кийин да айрым адамдар келип, акчаны кайтарып берүүнү талап кылганын жазды. Ал күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн аракет кыларын билдирди.
Ырчы жолдошунун коштошуу видеосун бөлүшүп, анын өз жанын кыюусуна себепкер болгон адамдарды соттотууга аракет кыларын айткан.



