Корумдудан эки альпинисттин сөөгү түшүрүлдү, үчүнчүсүн издөө убактылуу токтотулду

Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин сөөгү тоодон түшүрүлүп, үчүнчүсүн издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ыктыярчылардын штабы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар сөөктөрдү 25-августта тоодон түшүрүшкөн. Алар тик учак менен Сары-Ташка, андан ары милициянын коштоосунда Ош шаарындагы өлүкканага жеткирилген. Сөөктөрдү таануу процедурасы бүгүн, 27-августта, өтөт, ага маркумдардын жакындары барган.
«Таануу процедурасы аяктаганга чейин маркумдардын аты-жөнү ачыкталбайт. Ага чейин жарыяланган бардык ысымдар, ким айтпасын, чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми топтун үчүнчү мүчөсүн издөө иштери дагы эки күн уланып, жыйынтык берген эмес. Куткаруучулар буюмдар кулаган траектория боюнча муз көчкүнү жана жаракаларды карап чыгышкан. Бирок жаракалар кайрадан түшкөн кар менен толуп калгандыктан сөөк бар болсо дагы аны табуу мүмкүн болгон эмес. Азырынча аймакта жана рюкзак табылган жерден үчүнчү альпинисттин изи аныктала элек.
26-августта куткаруучулар үчүн кооптуу жагдай жаралганына байланыштуу издөө иштери белгисиз мөөнөткө токтотулду. Буга тынымсыз таш кулап, кар көчкү түшүп жатканы себеп болгон. Бардык куткаруучулар тик учак менен Ошко чыгарылды.
Издөө операциялары үчүн акча чогултуу дагы токтотулду. Жалпы чогулган 109 миң евро тик учактын акысын, бийиктикте иштеген куткаруучулардын кызматын жана техникалык чыгымдарды толук жабууга жетиштүү болгондуктан эсептик реквизиттер өчүрүлгөнү маалымдалды.



