Спорт

ДКО: Кыргызстандык спортчулар күрөш боюнча мелдеште 1 күмүш, 2 коло медаль жеңишти

Кыргызстандык спортчулар көчмөндөрдүн VI Дүйнөлүк оюндарында монгол күрөшү, гореш жана кураш боюнча мелдештердин биринчи күнүндө бир күмүш жана эки коло медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, 100 килограммдан жогорку салмак категориясындагы мелдештер бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өттү.

Монгол күрөшү боюнча 14 спортчу күч сынашты. Жеңүүчү Монголиядан келген Анар Дорж болду. Күмүш медалды россиялык Монге Эртине Куулар алды. Ал эми коло медалдар Кытайдан келген Сурлиге Сурлиге жана кыргызстандык Орозбек Ашировго ыйгарылды.

Гореш боюнча 31 өлкөнүн өкүлдөрү мелдешти. Алтын медалды Түркмөнстандын спортчусу Аннагурбан Аллабердиев жеңди. Экинчи орунду кыргызстандык Асанкелди Нурказым уулу ээледи. Үчүнчү орунду Өзбекстандан Илиосбек Мирзакматов жана Ооганстандан Надер Софизада ээлешти.

Кураш боюнча мелдешке 21 мамлекеттин спортчулары катышты. Биринчи орунду Өзбекстандын өкүлү Нумонжон Ражабов алды. Күмүш медаль Ирандан келген Садег Азарангга тийди. Коло медалды Түркмөнстандын спортчусу Кемал Кемалов жана кыргызстандык Тилек Куралов жеңишти.

Жеңүүчүлөргө 100 миң сомдон, күмүш медаль ээлерине 80 миң сомдон, ал эми коло медаль алгандарга 50 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button