Коом

ДКО өлкө экономикасына канча каражат алып келери айтылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпысынан 200 миңден ашык конок күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Ал спорттук, маданий жана илимий иш-чаралардын эсебинен оюндар өлкө экономикасына 100 миллион сомдон ашык каражат алып келерин белгиледи.

Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер башталды. Саамалыктын басымдуу бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтмөкчү. Анда 500дөй боз үй тигилген 15 шаарча жайгашкан.

Бийлик этношаарчага күнүнө 100 миңдей көрүүчү келерин болжолдоп жатат. Шаарча мындан аркы маданий жана эл аралык иш-чаралар уюштурула турган борборго айланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button