Коом

«Бишкек Аренага» футболдук газон качан төшөлөрү айтылды

Жаңы салынган «Бишкек Арена» стадионунун футболдук газону октябрь айындагы расмий ачылыштан кийин даярдалат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь айында стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, кыргызстандыктар үчүн ири маданий шоу-концерт уюштурулат. Ал эми футбол талаасынын газонун даярдоо жана төшөө иштери дал ушул концерттик иш-чарадан соң башталат. Бул процесс болжол менен 3-5 айга созулат.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз футболдук союзу 51 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган «Бишкек Аренадагы» алгачкы расмий футболдук беттеш 2027-жылдын мартында өтөрүн билдирген. Жазында 2030-жылкы дүйнө чемпионатынын жана 2031-жылкы Азия кубогунун тандап алуу этабы башталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button