Коом

Салмак-габариттик көзөмөл тармагында коррупциялык схема аныкталды

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө транспорттук көзөмөл тармагындагы коррупциялык схема аныкталды.

Алдын ала маалымат боюнча, кызмат адамдары белгиленген салмак-габариттик ченемдерден ашкан оор жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн акча алып турушкан.

Текшерүүдө Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин айрым жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери оор жүк ташуучу унааларды өткөрүп берүү үчүн 2 миңден 20 миң сомго чейин системалуу түрдө акча алып турганы аныкталган. Мыйзам бузуу фактылары катталбай, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button