Коом
ИИМ чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандарды миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанга иштөө максатында келген чет элдик жарандар тиешелүү уруксат документтерин, анын ичинде Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө, өз убагында каттоодон өтүүгө жана өлкөдө болуунун белгиленген мөөнөттөрүн сактоого милдеттүү.
«Тиешелүү уруксат документтери жок иш жүргүзүү, өлкөдө болуу мөөнөтүн бузуу же каттоодон өтпөө өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет»,-деп айтылат маалыматта.



