Коом
Кыргызстан эмчек рагын аныктоо үчүн 12 маммограф сатып алат
Кыргызстанда эмчек рагын эрте аныктоо үчүн 12 маммограф сатып алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.
Анын айтымында, жабдуулар Дүйнөлүк банктын каражатына алынат жана ар бир облустук борборго жайгаштырылат.Ош шаарында онкологиялык борбор куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Ал эми Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагында нур терапиясы бөлүмү курулат.
Мындан тышкары, учурда өлкө боюнча 32 ири медициналык мекеме курулуп жатат. Район борборлорунда 1960–1970-жылдары курулган эски ооруканалардын ордуна жаңы медициналык объектилерди куруу боюнча долбоорлор даярдалууда.



