Коом

Бишкекте таштанды контейнерлери үзгүлтүксүз тазаланып, дератизация жүргүзүлөт

Бишкекте таштанды контейнерлери жайгашкан аянтчаларды санитардык жактан тазалоо жана аймактарды дератизациялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, «Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу тиричилик таштандыларын чыгарып, контейнер аянтчаларын санитардык жактан тазалоону жүргүзөт.

Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №81/1, 82/2, 82/4 жана 82/5 үйлөрдүн жашоочуларынан кайрылуу түшкөндөн кийин тиешелүү кызматтар дератизация иштерин жүргүзүп, контейнерлерди иштеткен. Мындан ары алар белгиленген графикке ылайык тазаланып турат. Бул аймактан таштанды чыгаруу да белгиленген график боюнча жүргүзүлөт.

Шаарда жалпысынан 604 контейнер аянтчасы бар. Алар белгиленген графикке ылайык айына орточо эки жолу жуулат.

Дератизация иштери да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясы күн сайын пландуу иштерди аткарат. Жарандардан кайрылуу түшкөн учурда адистер көрсөтүлгөн дарекке кошумча барып, аймакты текшерип, зарыл болгон чараларды көрүшөт.

Дератизация боюнча Бишкек шаардык дезинфекциялык станциясына +996 707 851 289 телефону аркылуу кайрылса болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button