Коом

«Арча-Бешикте» №79 мектептин 570 окуучуга ылайыкталган жаңы корпусу курулуп бүттү

Бишкектеги «Арча-Бешик» конушунда №79 мектептин 570 окуучуга ылайыкталган жаңы корпусу курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч кабаттуу жаңы имарат эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзөт. Бул мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири.

Жаңы мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, заманбап талаптарга ылайык жабдылды. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, актовый зал, компьютердик класс, дарыгердин кабинети жана спорт зал каралган.

Ошондой эле окуучулар үчүн ачык спорт аянтчалары курулуп, мектептин айланасы көрктөндүрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button